Яндекс Про колдонмосу айдоочуга кирешесин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Ал үчүн башкы экрандын өйдөңкү оң бурчунда фотосүрөттү басыңыз — профиль ачылып, анда рейтинг, ачык тарифтер жана баланс көрсөтүлөт. Башкы экранда сумма жазылган чакан баскыч болот: анда сиз канча буйрутма аткарып, аткарылган сапарлар үчүн кандай киреше тапканыңыз жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Ар сапардан кийин бул маалымат жаңыртылып турат, күн сайын түн жарымда нөлгө түшөт. Ар бир буйрутма боюнча толук маалыматты «Киреше» бөлүмүндө тапса болот.