Яндекс Такси сервиси менен айдоочу болуп иштеп баштоо абдан оңой. Сизге операциялык системасы Android 5.0 болгон жана камерага, GPS модулга, 2 ГБ оперативдүү эс тутумга ээ болгон смартфон керектелет. Яндекс Про колдонмосун жүктөп алып, смартфонуңузга орнотуңуз. Ал сизге буйрутмаларды сунуштап, маршрут түзүп берип, сапар акысын эсептеп, сервистин бардык жаңылыктары менен кабардар кылып турат. Сиз жүргүнчү издеп же батыраак кантип жетсе болот деп ойлонуп кыйналбайсыз — көңүлүңүздүн баарын буйрутма аткарууга гана койсоңуз болот.